«Абихас» технологиясы бар.
Ал алдына ала боло турчу адам өлтүрүүлөрүн , өлө турчу адамдын көзү менен көрсөтөт.
Көрсөтүлгөн кадрлар кол салуудан баштап адамдын жаны чыкканчакты көрсөтүлөт .
Ал жакта көрсөтүлгөн кадрлардын жардамы менен тергөөчүлөр өлүм боло турчу жерди , убакытты , керек болсо өлтүргүч адамдын жүзүн аныктай алышат .
Бул «Абихас» технологиясы көп жыл мурун эле (2126ж) ойлонуп табылып, көптөгөн эксперементтерден өткөрүлүп , андан кийин ишке берилген . Ошол убакыттан бээри көптөгөн адам өлтүрүүлөрдү алдына алып , жана ал жактагы көрүнгөн өлтүргүчтөрдү же шектүү адамдарды мыйзам чегинде кылмыш боло электе эле жазага тартып келишкен .
Акыркы окуя .
Ныгас (кишинин аты) мейманкананын ваннадагы күзгүсүнөн каранып алып тишин жууп жаткан жеринен өлтүрүлгөнү көргөзүлгөн.
Тергөөчүлөр ал мейманкананы таап барышкан . Белгилүү бир кандайдыр себептер менен кечигирээк барышкан. Бирок барганда Ныгас аман эсен мейманканадан чыгып кеткенин айтылган.
Ныгас менен байланышканда ал үйүндө , аялы менен отурганын айткан.