Параллелдүү аалам
Дебатер - бул жарандык позициясына бекем турган, өз оюн коркпостон ачык айта алган, ар кандай көз караштарды урматтоо менен логикага жана далилге таянып сүйлөгөн инсан.
- өзүнүн принциптерин карманган,
- сын пикирден качпаган,
- фактылар менен иштеген,
- оюн так, ишенимдүү жеткирген,
- каршы пикирди уга билген жана маданияттуу жооп кайтарган,
- коомдогу маселелерге кайдыгер карабаган активдүү жаран.
Эралиев Султан РДБны (Республикалык Дебат Борбору) жетектеп турат.
Соттоо системасы жөнгө салынган, клубтар арасында клубизм жоюлган, көптөгөн клубтар ачылып, алардын бардыгы өз орду менен өнүгүү жолунда, РДБ менен башка бардык коомдук бирикме, уюмдар эсептешип иш кылышат. Айтоор баары идеалдуу иштеп жатат.
Бирок бул - Султан ар бир кадамды көзөмөлдөп, каттуу талаптарды коюп, басым аркылуу башкарганы үчүн гана.
Дебатерлор ката кетирүүдөн коркушат.
Алар натыйжалуу, бирок ичинен сынган.
Эгер Султан көзөмөлдү бошотсо баары урап кетиши мүмкүн.
Эгер бошотпосо дебатерлорду мындан ары да талкалай береши мумкун.
Бир күнү Элтуран Омурзаков мындай дейт:
«Султан, сенин системаң менен баары иштейт. Бирок биз чыныгы дебатёр болуудан алыстап жатабыз».
Ошондо Султанга ой келет:
Мен натыйжа жаратып жатамбы жээ коркуу системасынбы?