Дзёхацу - түздөн түз которулушу "буулануу" - азыркы Япониядагы коомдук көрүнүш, адамдын өз каалоосу менен башка адамдардын жашоосунан толук жок болуп кетүүсүн түшүндүрөт.
Жашоосунан тажагандар, карызга баткандар, үй-бүлөлүк тиричиликтен кутулгусу келгендер айтор жашоосун жаңыдан баштагысы келгендер үчүн Япониядагы социалдык феномен.
Бирден бир себеби жапондордун уялуу жана намыстануу сезимдери. Экзаменден кулаган студенттер, жумушунан ажыраган адистер жана үй-бүлөсүнүн үмүтүн актай албагандар үчүн айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн мазактарынан кутулуу жолу болуп саналат.
Жаңы жашоого баш баккандар экинчи жашоосун ийгиликтүү баштаган учурлары да жок эмес.
Милиция өз кезегинде жоголгондо кылмыш же кокустук болгон учурлардын тиешеси болбосо, кийлигишпейт. Ал эми Японияда дайынсыз жоголгон адамдардын бирдиктүү маалымат базасы дагы деле жок.