Университетти таштаган жаш студент катуу жакырчылыкта жашап, терең жашоо кризисин башынан өткөрүүдө. Ал өзүнө “күчтүү” жана “өзгөчө” адамдар коомдук моралды бузуп, жогорку максаттарга же жыргалчылыкка жетүү үчүн мыйзамды бузууга укуктуу деген теорияны түзөт. Үмүтсүздүктүн, кемсинтүүнүн жана чыга албай турган абалдын шартында ал өзүнү мыйзам бузууга укугу бар экенине ишендирет. Натыйжада, ал башкалардын жакырчылыгынан пайда көргөн жана карызга акча берген кемпирди өзүнүн теориясын ишке ашыруу максатында өлтүрөт. Бирок кылмыштан кийин ал психологиялык күнөөнү, моралдык азапты, эмоциялык жана коомдук изоляцияны башынан өткөрөт. Кылмыштан кийин анын күнөө сезими аны дээрлик ар бир мүнөттө артынан ээрчип, кадимки ойлорун азаптуу кыйноого айлантат. Ал апатияга түшөт, коркунуч, паника жана тынчсыздануу каптап турат. Түнү бою уйкусуздук, дене ысыгы жана оор азап тарттырган түш көрүүлөр мүнөздүү болуп калат.Көп өтпөй бул кылмыш үчүн 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгат.